КММАга Индия элчилигинин делегациясы келди
Өнөктөштүк 0 20 Февраль 2023

Бүгүн, 2023-жылдын 20-февралында Элчи Арун Кумар Чаттерджи мырза баштаган Индиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин делегациясы индиялык студенттер билим алып жаткан Медициналык академияга келишти.

Иш сапардын алкагында Элчи жана Элчиликтин экинчи катчысы Н.Поннапан мырза И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын ректору баштаган университеттин жетекчилиги жана мекендеш студенттер менен жолугушууда Индиядан келген студенттердин окуусу жана жашоосу менен байланышкан маселелерди талкуулашты.

Андан соң индиялык дипломаттар окуу жайдын кызматкерлеринин коштоосунда университеттин тарых музейи менен таанышты.