КММАга ДСУнун өкүлдөрү микробго каршы туруктуулукту көзөмөлдөөнүн глобалдык системасы боюнча болушту
Өнөктөштүк 0 5 Декабрь 2022

2022-жылдын 1-декабрында Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлдөрү И.К.Ахунбаев атындагы КММАга келишти. Иш сапардын планына ылайык, алар микробиология, вирусология жана иммунология кафедрасына барышып,андан кийин окуу жайдын проректору, профессор Г.Жумалиева менен жолугушту. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун микробго каршы каражаттарды керектөөгө мониторинг жүргүзүү демилгесинин алкагында биргелешкен кызматташууну талкуулашты.

Жолугушууга ошондой эле Т.Юсупова, А.Иманкулова, А.Кулжанова,М.Ырысова, М.Ниязалиева, А.Умуралиев,А.Джумаев катышышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында ординаторлорду биоматериалдардын базалык анализи менен пилоттук изилдөөлөргө тартуу жана региондордогу клиникалык насаатчыларды лабораториялык көндүмдөр боюнча тренингдерге жана андан кийин изилдөөлөргө катышууну уюштуруу, ошондой эле изилдөөлөрдү уюштуруу чечими кабыл алынды.