КММА EDCF кореялык фонду аркылуу «Академиялык клиника куруу» долбоорун илгерилетүүдө
Өнөктөштүк 4 16 Июнь 2023

2023-жылдын 16-июнунда И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына Кореянын «FAVORS Group» компаниясынын төрагасы баш болгон Мин мырза, компаниянын өкүлдөрү Со жана Жин мырзалар келишти.

Жолугушуунун жүрүшүндө Медициналык академия менен кореялык тарап КММАнын EDCF Экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү фонду аркылуу КММАнын “Академиялык клиниканы куруу” долбоорун илгерилетүү боюнча кызматташууну макулдашты.

Белгилей кетсек, FAVORS Group компаниясы Бишкек менен Сеулдун ортосунда биринчи түз аба каттамын ачкан T'way авиакомпаниясынын расмий өкүлү да болуп калды.