КММА Израилдин «Biofarmax Group» компаниясы менен кызматташат
Өнөктөштүк 2 15 Июнь 2023

2023-жылдын 15-июнунда И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору Индира Кудайбергенова жана Израилдин фармацевтикалык компаниясы Biofarmax Groupтун аткаруучуу директору Сарел Чен-Тов эки мекеменин ортосундагы медициналык билим берүү, илим жана саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташтык боюнча Меморандумга кол коюшту.

Тараптар КММАда студенттердин стажировкасын уюштуруу долбоорлорун ишке ашырууга, академиялык, тажрыйба жана билим алмашууга, профессордук-окутуучулар курамынын, жаш жана алдыңкы окумуштуулардын ортосунда мастер-класстарды өткөрүүгө багытталган эки тараптуу кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Андан кийин ректор Сарел Чен-товго Кыргызстандын Медициналык академиясынын “Ардактуу профессору” деген дипломун тапшырды.

Жыйынга «Biofarmax BV» ЖЧКсынын башкы директору Жыргалбек Сагынбаев, башкы директордун орун басары Владимир Руднев, ошондой эле проректорлор жана окуу жайдын кызматкерлери катышты.