“Жогорку билим берүүдөгү сапат жана инновациялар” долбоорунун расмий ачылышы боюнча конференция
Өнөктөштүк 20 Февраль 2025

Бүгүн, 20-февралда И.Раззаков  атындагы  КМТУнун базасында  дүйнөлүк банк тарабынан каржылануучу “Жогорку билим берүүдөгү сапат жана инновациялар” долбоорун расмий ишке киргизүү боюнча баштапкы конференция  болуп өттү.  Бул долбоор илимий-изилдөө потенциалын өнүктүрүүгө жана жогорку кесиптик билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган. Долбоорго Кыргызстандын өзгөчө статусу бар 5 жогорку окуу жайы : И. К. Ахунбаев атындагы КММА, КМТУ. И. Раззаков атындагы КМТУ, Ж. Баласагын атындагы КУУ,  К. Скрябин атындагы  КУАУ жана ОшМУ катышууда.

 

 Долбоордун алкагында бул 5 жогорку окуу жайда түрдүү багыттар боюнча алдыңкы тажрыйба борборлорун ишке киргизүү пландаштырылууда, алар Кыргызстандагы дисциплиналар аралык изилдөө өзөгү жана инновациялык изилдөөлөрдүн катализатору катары кызмат кылат. КММАда долбоордун алкагында  төмөнкү 3 багытта (темаларда)илимий жана диагностикалык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө  негизденген  биомедициналык изилдөөлөрдүн алдыңкы тажрыйбасы борборун түзүү пландаштырылууда :

  • гистологиялык же цитологиялык үлгүлөрдү морфологиялык изилдөө: иммуно-гистохимиялык ж. б.
  • биоүлгүлөрдүн молекулярдык биологиялык, микробиологиялык жана биохимиялык изилдөөлөрү
  • фармацевтикалык препараттардын биоэквиваленттүүлүгүн изилдөө.

Конференцияга  чейин, 19-февралда КММАда  Дүйнөлүк  банктын  долбоордук  координаторлорунун, эксперттердин, ДССУнун Кыргызстандагы өлкөлүк кеңсесинин өкүлдөрүнүн катышуусу менен жумушчу кеңешме өткөрүлгөн.