И.К.Ахунбаев атындагы КММА Цюрих университети менен эхинококкоз боюнча кызматташтыкты орнотот
Өнөктөштүк 5 16 Декабрь 2019

Жакында КММАнын эл аралык мамилелер жана стратегиялык өнүктүрүү боюнча проректору Гүлмира Жумалиева Цюрих Университетинин ветеринардык эпидемиология кафедрасынын профессору Пол Торгенсон менен жолугуштуЖолугушуунун жүрүшүндө эки окуу жайлар ортосунда жакын арада кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюу чечими кабыл алынып, туруктуу негизде ишке байланыштуу кат алышууну чечишти.

Белгилей кетсек, профессор Пол Торгенсон Бишкектеги эхинококкоз боюнча болуп жаткан жаткан конференцияга катышты. Жыйында Кыргызстандагы эхинококкоз ооруусун биздин жана чет элдик эксперттердин катышуусу менен көзөмөлдөө жана алдын алуу маселелери талкууланды.