КММА менен Астана Медициналык Университетинин кызматташуу жөнүндө меморандуму
Өнөктөштүк 9 Апрель 2025

Астана, 2025-жылдын 8-апрели. Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) саламаттыкты сактоо министрлеринин бешинчи жыйынынын алкагында Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы (КММА) И.К. Ахунбаев атындагы жана Казакстан Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Астана Медициналык Университети ортосунда медицина тармагында билим берүү жана илимий изилдөөлөр боюнча кызматташуу жана өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Бул келишим эки өлкөнүн алдыңкы медициналык жогорку окуу жайларынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы баскычын ачып, кызматташуунун кеңири багыттарын камтыйт. Анын ичинде окутуучулар менен студенттердин академиялык алмашуусу, илимий конференцияларды жана билим берүү иш-чараларын биргеликте уюштуруу, биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү жана билим берүү процессине алдыңкы технологияларды киргизүү бар.

Тараптар меморандумга кол коюу Кыргызстан менен Казакстандын медициналык жогорку окуу жайларынын ортосундагы байланышты бекемдөөгө чоң кадам болуп, илимий потенциалды өнүктүрүүгө, билим жана тажрыйба алмашууга, ошондой эле саламаттыкты сактоонун заманбап талаптарына жооп берген жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого өбөлгө түзөрүнө ишенимин билдиришти.

Документке кол коюу өз ара сый-урмат жана кызматташтыкты тереңдетүүгө болгон кызыкчылыктын негизинде өттү. Бул демилге эки өлкөнүн саламаттыкты сактоо тутумун бекемдөө жана Түрк мамлекеттер уюмунун илим менен билим берүүнү өнүктүрүү максаттарына жетүү үчүн туруктуу өнөктөштүк мамилелерди түзүүгө багытталган.