Кыргыз Республикасынын И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жалпы жана клиникалык эпидемиология кафедрасынын базасында 2025-2027-жылдары ишке ашырылуучу жаңы илимий долбоор башталды. Долбоор Цюрих университети менен макулдашуунун алкагында илимий-изилдөө иштерин күчөтүү максатында ишке ашырылып жатат. Анын аталышы — «Кыргыз Республикасында эхинококкоздун кесепеттерин, майыптуулукка алып келген факторлорду жана эрте өлүмгө дуушар болуу тобокелдерин изилдөө».
Долбоор эхинококкоздун жүрүшүнө таасир этүүчү негизги аспектилерди терең изилдөөгө багытталган. Анын максаты — профилактикалык стратегияларды иштеп чыгуу жана медициналык жардамдын сапатын жакшыртуу.
2025-жылдын 21-майында долбоордун катышуучуларынын алгачкы жумушчу жыйыны болуп өттү. Жыйында жакынкы мезгилге карата иш-аракеттердин деталдаштырылган планы талкууланды. Катышуучулар долбоордун негизги этаптарын, изилдөө ыкмаларын жана күтүлгөн жыйынтыктарды аныкташты. Бул жыйын Кыргыз Республикасы менен Швейцариянын илимий топторунун ортосундагы натыйжалуу кызматташууну жана тажрыйба алмашууну түзүүгө маанилүү кадам болду.
Долбоор эхинококкозду алдын алуу жана дарылоо боюнча билимди өркүндөтүүгө чоң салым кошуп, медициналык илим чөйрөсүндө эл аралык кызматташууну кеңейтүү үчүн негиз болот деп күтүлүүдө.