И.К.Ахунбаев атындагы КММА менен Жамбыл облустук көп тармактуу балдар ооруканасынын ортосунда меморандумга кол коюлду
Өнөктөштүк 1 11 Май 2022

Жакында И.К. Ахунбаев атындагы Медакадемия жана Казакстан Республикасынын Жамбыл областтык көп тармактуу балдар ооруканасынын ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.

Ага кыргыз университетинин ректору, казак ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Индира Кудайбергенова жана Сейдахмет Чинибеков кол коюшту.

КММАнын ректору ЖОМБнын өкүлдөрү менен кол коюлган меморандумдан келип чыккан кезектеги биргелешкен аракеттерди талкуулады.

Иш-чараны талкуулоого КММАнын илимий жана дарылоо иштер боюнча проректору Ниязбек Маматов жана башка кызматкерлер катышышты.