КММАда түрк тилин окутуу борборуна байланыштуу протолго кол коюлду
Өнөктөштүк 6 Май 2024
Кыргызстандагы Түркия элчилигинин билим берүү кеңешчилиги менен КММАнын арасындагы түрк тилин окутуу борборунун ишмердүүлүгүнө байланыштуу протоколго кол коюлду
Бүгүн, 2024 - жылдын 6 майында Кыргызстандагы Түркия элчилигинин илим берүү кеңешчилиги менен И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекттик Медициналык академиясы арасындагы түрк тилин окутуу боюнча протоколго кол коюлду.
Макулдашууда КММАда түрк тили боюнча курстардын ачылуусу, класстардын даярдыгы, колдонулуусу, таанытуу иш-чаралары, курска тиешелүүү материалдар жана курстун баасы беренелери каралды.
Аталган протоколго Түркиянын билим берүү кеңешчиси Курашат Дулкадир жана КММАнын ректору Индира Кудайбергенова кол койду.