КММАнын ректору М.Брайдерт менен онлайн жолугушуу өткөрдү
Өнөктөштүк 0 23 Ноябрь 2022

Кыргыз мамалекттик медициналык академиянын ректору Бишкек шаарындагы гастроэнтерологиялык эндоскопиялык жардамды жакшыртуу ошондой эле диагностика жана дарылоо тармагында иштөө үчүн гранттарды тартуу максатында 2022-жылдан бери КММАда Германиянын экономикасы боюнча эл аралык кызматташуу фондунун эксперти болуп иштеп жаткан профессор Матиас Брайдерт менен онлайн жолугушуу өткөрдү.

М.Брайдерт Германиянын Гастроэнтерология фондунун вице-президенти болгондуктан бул фонд менен активдүү кызматташууну сунуштайт.

Ал учурдагы кырдаалды өзгөртүүнүн жана аны жакшыртуунун маанилүүлүгүн түшүнгөндүктөн, КММАда гастроэнтерология борборун ачууга жанажергиликтүү адистерди окутуу үчүн немис адистерин тартып, каражат чогултууга көмөктөшөт.

Профессор Маттиас Брейдерт 2022-жылдын декабрынан тартып Медициналык академияда жаңы изилдөө методологиясы бөлүмүндө конок лектор катары иштейт.

Ректор Германиянын гастроэнтерология фонду менен кызматташууга даяр экенин билдирди.