КММАнын проректору Гүлмира Джумалиева илимий-техникалык жана тил боюнча изилдөөлөр институтунун өкүлдөрү менен жолугушту
Өнөктөштүк 0 16 Июль 2019

Жакын арада, И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын  эл аралык мамилелер жана стратегиялык өнүктүрүү боюнча проректору Гүлмира Джумалиева Бишкек шаарынын илимий-техникалык жана тил боюнча изилдөөлөр Институтунун өкүлдөрү, улуттук директор жана өнүктүрүү боюнча адисиГрем Харден, врачтар - Крис Хинтон, Аманда Мерит  менен жолугушту. Жолугушууга үй-бүлөлүк дарыгерлерди дипломдон кийинки даярдоо бөлүмүнүн башчысы Нурлан Бримкулов, Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Турниса Юсупова жана ординатор Ширин катышышты. Жолугушуунун жүрүшүндө административдик денгээлде аймактарда ординатурадагы врач-устаттарды даярдоо боюнча мүмкүн болгон кызматташтыктын келечеги талкууланды. Кызматташуунун башаты болуп келишимдин долбоору бекитилгенден кийин кызматташуу ниети жөнүндө келишимге кол коюу болот.