КММАнын проректору дарыгер Павел Хайкин менен жолугушуу өткөрдү
Өнөктөштүк 1 10 Май 2022

2022-жылдын 28-апрелинде И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын эл аралык байланыштар жана стратегиялык өнүктүрүү боюнча проректору, профессор Гүлмира Джумалиева дарыгер Павел Хайкин менен жолугушуу өткөрдү.

Белгилей кетсек, Павел Хайкин – ВИЧ-инфекциясы жана вирустук гепатит боюнча адистиги бар инфекционист, жугуштуу оорулар жана химиотерапия боюнча Европа коомунун (ESCMID) башкармалыгынын мүчөсү, боор оорулар боюнча Европалык ассоциациясынын (EASL) жана Германиянын ВИЧ/СПИД коомунун мүчөсү.

Жолугушуунун жүрүшүндө П.Хайкин университеттин жетекчилиги менен таанышып, окутуучулар менен биргеликте Медициналык академиянын студенттеринин окуу процессиндеги жугуштуу оорулар жаатында орун алган муктаждыктарын, ошондой эле дарыгердин келечекте уюштурулчу семинарларын өткөрүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Керектөөлөрдүн негизинде КММанын өнөктөшү, Улуу Британиялык мамлекттик эмес уюм «Green Shoots» потенциалдуу донорлорго семинарларды уюштурууга каражат бөлүү сунушун даярдайт.