КММАнын проректору Кыргызстан жана Россия ректорлорунун экинчи форумуна катышты
Өнөктөштүк 0 15 Июнь 2022

2022-жылдын 8-июнунан 9-июнуна чейин И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын окуу иштери боюнча проректору, профессор Кеңешбек Ырысов Россиянын биринчи президенти Б.Ельцин атындагы Урал федералдык университетинин базасында өткөн IX Россия-Кыргыз аймактар аралык конференциясынын алкагында Кыргызстан жана Россия Ректорлорунун Экинчи Форумуна катышты. Форумга Кыргызстандан 20, Орусиядан 45 университеттин ректорлору катышты.

Ачылыш аземинен жана пленардык отурумдан кийин конференциянын иши сессиянын заседаниесинде улантылды. Панелдик сессиянын жүрүшүндө окуу иштери боюнча проректору К.Ырысов «И.К.Ахунбаев атындагы КММА өнүгүү жолунда жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү» деген презентация менен чыгып, ошондой эле форумдун алкагында Урал мамлекеттик медициналык университети жана Улуттук изилдөө Мордовия мамлекеттик университети менен кызматташуу боюнча эки документке кол койду.