КММА менен Шандунь университетинин Цилу ооруканасынын ортосундагы медицина тармагындагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү
Өнөктөштүк 14 Апрель 2025

2024-жылдын 14-ноябрында И. К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын №2 конференц-залында Цилу Шандунь университетинин ооруканасынын делегациясы менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушууда эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, инновациялык технологияларды киргизүү жана билим берүү программаларын ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Кыргыз тараптан КММАнын ректору Индира Кудайбергенова, проректорлор Кенешбек Ырысов, Гүлмира Жумалиева, Ниязбек Маматов жана «Ордо Экспо Форум» компаниясынын башкы директору Асель Молдалиева катышты.

Кытай делегациясын Цилу Шандунь университетинин ооруканасынын жетекчилери жана медициналык-технологиялык компаниялардын өкүлдөрү түздү.

Жолугушууда медициналык технологияларды киргизүү, телемедицинаны өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо тармагындагы башкаруу тажрыйбасы менен алмашуу жана медициналык адистер үчүн биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу сыяктуу кызматташтыктын негизги аспектилери талкууланды. Кызматташтык боюнча меморандумга кол коюу эл аралык байланыштарды бекемдөөгө жана саламаттыкты сактоонун инновациялык өнүгүүсү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган маанилүү кадам болду.

Иш-чара ишенимдүү жана конструктивдүү атмосферада өтүп, өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүдө маанилүү кадам болду.