КММАнын ректору Улуу Британиядан келген делегацияны кабыл алды
Өнөктөштүк 1 8 Июнь 2022

И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын ректору, профессор Индира Кудайбергенова Улуу Британиядан келген делегацияны кабыл алды. Делегациянын курамында доктор Параг Шингал, “BAPIO” билим берүү академиясынын аткаруучу директору жана “MedEducare” өкүлү А.Маушад А. бар.

Белгилей кетсек, BAPIO 1996-жылы негизделген жана Улуу Британиядагы жайгашкан теги индиялык дарыгерлеринин ыктыярдуу ассоциациясы. Курамына бири-биринен көз карандысыз уюмдары бар: Medical Defense Shield, BAPIO Окуу Академиясы, BAPIO Медициналык Изилдөө Институту жана Британдык Индиянын Медайымдары Ассоциациясы.

Жолугушууда бүтүрүүчүлөрдүн резидентурада окуу программасынын маселелери талкууланды, ошондой эле ийгиликтүү аяктаган болочок дарыгерлер Улуу Британияда, ошондой эле бүткүл дүйнөдө тааныла турган эки MRCP жана MBA дипломуна ээ боло ала тургандыгы да айтылды.

BAPIO адистерди даярдоонун 4 багытын сунуштайт: ички оорулар, педиатрия, хирургия жана анестезиология. КММАнын жетекчилиги келечекте дагы жолугуп, кызматташуу боюнча меморандумга кол коюу маселесин талкуулоого ниеттенүүдө.