КММАнын ректору Фуртванген университетинин профессору менен онлайн жолугушуу өткөрдү
Өнөктөштүк 0 26 Май 2022

И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын ректору, профессор Индира Кудайбергенова Фуртванген прикладдык илимдер университетинин машина куруу жана медициналык инженерия факультетинин профессору Герд Хаймерл менен онлайн жолугушуу өткөрдү. Профессор жүрөк-кан тамыр инженериясы боюнча эки эл аралык программанын презентациясын жасады. Эки тарап тең «Перфузиолог» адистиги боюнча бакалавр/магистратура курсун баштоо боюнча пикир алышты.

КММА кош диплом берүү менен медицинада жаңы багыттарды ачууга умтулууда. Белгилей кетсек, Кыргызстанда перфузия багыты боюнча даярдалбайт. Ал эми Германияда Фуртванген университети жүрөк-кан тамыр инженериясы тармагында адистерди даярдаган эки университеттин бири. КММА Германия менен келишим түзүүгө жана тыгыз кызматташууга ниеттенүүдө.