КММАнын ректору Кореянын делегациясы менен жолугушту
Өнөктөштүк 3 17 Май 2022

Кечээ күнү КММАнын ректору, профессор Индира Кудайбергенова Кореядан келген делегация: «Фаворс» фондунун төрагасы Бён До Мин жана президенти Им Сангбин менен жолугушту.

Favors Foundation КММАнын ооруканасын куруу боюнча МЖӨ долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу боюнча сүйлөшүүлөргө катышууга кызыкдар.

КММА өзүнүн академиялык көп тармактуу И.К. Ахунбаев атындагы ооруканасын курууга умтулууда. 2018-жылы Медакадемия Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө МЖӨ долбоору боюнча «Кыргыз Республикасында И.К. Ахунбаев атындагы академиянын көп тармактуу оооруканасын куруу» демилгеси менен кайрылган. Демилгени КР Саламаттык сактоо министрлиги жана парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети колдогон.

Алдыда долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин кореялык тарап бекитүүнүн тагдырын чече турган бир нече жолугушуулар турат.