КММАнын ректору Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү
Өнөктөштүк 0 11 Май 2022

Бүгүн, 12-майда И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын ректору, профессор Индира Кудайбергенова Дүйнөлүк банктын билим берүү боюнча улук адиси Хусейн Абдул-Хамид баштаган Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жыйынга ошондой эле окуу иштери боюнча проректор Кеңешбек Ырысов, илимий жана дарылоо иштер боюнча проректор Ниязбек Маматов, укуктук иштер жана адам ресурстары боюнча проректор Темирбек Жуманалиев дагы катышты.

Хусейн Абдул-Хамид өз сөзүндө “Дүйнөлүк банк Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте Кыргызстанда жогорку билим берүүнү жакшыртуу боюнча долбоорду ишке ашырууда. Ал эми долбоор үч компоненттен турат: биринчиси, өлкөнүн беш университетинде түзүлө турган илимий борборлорду колдоо (КММА бул университеттердин тизмесине кирген). Бул компоненттин алкагында илимий-изилдөө борборлорун материалдык-техникалык жактан камсыздоо, компьютердик аппараттык жана программалык камсыздоону колдоо боюнча көрсөтүлөт.

Экинчи компонент - бул илимий борборлорго түздөн-түз тиешелүү болгон академиялык программаларды жана ошондой эле билим берүү стандарттарын жана программаларын кайра карап чыгуу.

Үчүнчү компонентте билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, ошондой эле ЖОЖдун бүтүрүүчүлөрүнүн келечектеги тагдырына жана эмгек рыногундагы кырдаалга мониторинг жүргүзүү максатында Билим берүү министрлиги менен биргеликте ишке ашырыла турган башкаруу компоненти кирет”.

Дүйнөлүк банктын өкүлдөрүнүн иш сапарынын максаты – ошол багыттарды тактоо, б.а., бул изилдөө борборлору кайсы темаларга басым жасай турганын аныктоо, ошондой эле бул багытта биргелешкен иштерди алып баруу.