КММАнын ректору Индира Кудайбергенова Палестинанын Кыргызстандагы элчиси менен жолукту
Өнөктөштүк 2 11 Сентябрь 2019

КММАнын ректору, профессор Индира Кудайбергенова Палестинанын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Палестина студенттеринин Кыргыз Мамлекеттик медицина академиясында окуусу тууралуу маселелер каралды. Ректор Индира Орозобаевна Кудайбергенова Палестина Мамлекетинин элчисин жогорку окуу жайдын ноябрь айында белгиленчү 80-жылдык юбилейине чакырды.