КММАнын ректору франциялык медициналык тейлөө компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту
Өнөктөштүк 0 20 Апрель 2023

Үстүбүздөгү жылдын 19-апрелинде Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору Индира Кудайбергенова француз медициналык кызмат көрсөтүүчү C3MEDICAL компаниясынын өкүлдөрү менен компаниянын президенти Жером Сутье, C3MEDICALдин Борбордук Азиядагы өкүлү Леа Кислит, Казахстандагы Еxpertize Franceтын өкүлү Александра Тиркуирменс жана Астанадагы «Медициналык жардамга жетүү» кызматташтык программасынын координатору Адел Абенова айым меннен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө француз тараптын өкүлдөрү тилектештик фондунун инновациялык долбоорлор боюнча “Медициналык жардамга мүмкүнчүлүк” программасы менен тааныштырып кетишти. Андан ары, саламаттыкты сактоо, медицина илими жана билим берүү тармагында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Жолугушууга окуу жайдын проректорлору жана кызматкерлери да катышты.