АКШдан келген үй-бүлөлүк дарыгер Баткен облусунда мастер-класс өткөрдү
Өнөктөштүк 0 2 Июнь 2019

Баткен облустук жергиликтүү бийлиги тарабынан уюштурулган "Аймактарды өнүктүрүүдөгү үй бүлөлүк дарыгердин ролу" семинардын алкагында АКШдан келген үй-бүлөлүк дарыгер Пол Фонкен мырза отоскопия боюнча И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын клиникалык ординаторлоруна мастер-класс өткөрдү.

Семинарда КММАнын үй-бүлөлүк медицина боюнча дипломдон кийинки билим берүү кафедрасынын башчысы, профессор Нурлан Бримкулов жана аталган облуста практика өтөп жаткан ординаторлор доклад окушту. Чет элдик эксперттер жана жогорку окуу жайдын өкүлдөрү, келечектеги үй-бүлөлүк дарыгелер жана алардын устаттарынын иш тажрыйбалары менен таанышып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусунундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана анын саламаттыкты сактоо, коомдук маселелер боюнча орун басары менен да жолугушту.