КММАнын ректору менен Людвигсхафен бизнес жана коом университетинин өкүлүнүн онлайн жолугушуусу болуп өттү
Өнөктөштүк 1 9 Июнь 2022

И.К.Ахунбаев атындагы Медициналык академиянын ректору Индира Кудайбергенова жана проректор Гульмира Джумалиева Германиядагы Людвигсхафен бизнес жана коом өнөктөш университеттин өкүлү менен онлайн тегерек стол өткөрүштү.

Өнөктөш, философия илиминин доктору Майкла Мишел-Шульдт, Социалдык иш жана саламаттыкты сактоо факультетинин акушердик илим кафедрасынын профессорунун милдетин аткаруучу, акушердик билим берүү программасы боюнча баяндама жасады. КММА тарабынан жогорку медайымдык иш окуу программасы тууралуу маалыматты университеттин медайымдык иш бөлүмүнүн башчысы Мадина Жаманкулова берди.

Белгилей кетсек, кош дипломдук программа түзүүгө эки тарап тең кызыкдар.