КММА жана КМДТСАнын ректорлорунун жолугушуусу болуп өттү
Өнөктөштүк 0 17 Май 2023

Бүгүн, 2023-жылдын 17-майында И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору Индира Кудайбергенова менен Б.Т.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору Сайтдин Азизбаев жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар «Спорттук медицина» адистиги боюнча клиникалык ординаторлорду даярдоо боюнча мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташтыкты пландаштыруу маселелерин талкуулашты.

Жолугушууга КММАнын илимий жана дарылоо иштери боюнча проректору Ниязбек Маматов, мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору Гүлсүнкан Жунушалиева, КМДТСАнын илимий иштер боюнча проректору Нурмира Абдыбекова, Спорттук-реабилитациялык борбордун спорттук медицина боюнча башкы дарыгеринин орун басары Бактыкүл Алиева катышышты