Якуземинин өкулдөру менен КММАнын кыызматкерлеринин жолугушуусу болду
Өнөктөштүк 0 15 Май 2023

2023-жылдын 13-майында И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жыйындар залында окуу жайдын кызматкерлери «Якуземи» өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууга окуу жайдын окуу иштери боюнча проректору, профессор Кеңешбек Ырысов жана Япониянын “Якуземи” билим берүү маалымат борборунан Накадзима Дайсуке айым жана Сузуки Рюуфу мырзанын баштап келген коноктор катышты.

Бул жолугушуу, КММАнын фармацевтика факультетинин студенттери үчүн «Якуземи» электрондук окутуу боюнча отчеттук жолугушуу мүнөзүндө болду десек болот.

Белгилей кетсек, кыргызстандык фармацевттердин дүйнөлүк деңгээлдеги адис болууга жардам бере турган үч жылдык билим берүү долбоору башталган. Долбоор тарабынан сунушталган тренинг фармацевттер каалаган жерден ала алышы үчүн электрондук түрдө өткөрүлгөн. Курска Бишкек, Ош, Талас, Каракол, Жалал-Абад жана Нарын шаарларында иштеген фармацевттер катышты