Түркия университети Кыргызстандагы университеттер менен кызматташууга кызыкдар
Өнөктөштүк 4 15 Декабрь 2022

14-декабрда Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, министрликтин Жогорку, орто кесиптик жана ЖОЖдон кийинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Азамат Найманбаев, КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов баш болгон жогорку окуу жайлардын жетекчилери, КММАнын ректору Индира Кудайбергенова, КУАУнун ректору Рысбек Нургазиев, ректор Ахмет Кызылай баштаган Инону университеттин делегациясы менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар Инону университетинин алдындагы Тургут Озал медициналык борбору менен эки тараптуу кызматташууну түзүү, Кыргызстанда ачыла турган органдарды трансплантациялоо институтунда кыргызстандык студенттерди стажировкадан өткөрүү жана ишке орноштуруу маселелерин талкуулашты.

Жыйында ректор Ахмет Кызылай өзү жетектеген Инону университети Түркиянын боор трансплантациясына адистешкен алдыңкы медициналык окуу жайлардын бири экенин айтты.

«Кыргызстанга болгон иш сапардын негизги максаты - Кыргызстандагы медициналык жогорку окуу жайлары менен тажрыйба алмашуу жана тыгыз кызматташуу. Ошондой эле мугалимдер жана студенттер үчүн алмашуу программаларын уюштурууга, бардык багыттар боюнча кызматташуу боюнча меморандумдарга кол коюуга даярбыз», - деди Ахмет Кызылай.

Расул Абазбек уулу айрым тармактарда эки тараптуу кызматташуу эки өлкө үчүн пайдалуу болорун кошумчалады.

Белгилей кетсек, И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жетекчилиги Инону университетинин делегациясын академиянын ишмердүүлүгү менен тааныштырып, кызматташуу маселелери боюнча жолугушуу уюштурду.