Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы Түштүк Корейдин Часэн клиникасы менен меморандумга кол коюшту
Өнөктөштүк 7 5 Февраль 2020

Бүгүн, 5-февраль, 2020-жылы И.К.Ахунбаев атындагы КММА жана Корей клиникасы Часэн менен коомдук саламаттык сактоо жана медициналык илимдер тармагында өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду. Бул официалдуу иш кагаз жогорку окуу жайдын ректору Индира Кудайбергенова жана чет элдик клиниканын башчысы Ли Джон Хинин колу менен бекитилди.

 

Кыргыз мамлекеттик академиясынын ректору айтылуу клиниканын өкүлдөрү Ханыль Ким жана Жами Сон менен меморандум алкагындага келип чыккан кийинки  биргелешкен аракеттер тууралуу сүйлөштү. Иш-чараны талкуулоого эл аралык байланыштар жана стратегиялык өнүктөрүү боюнча проректору Гүлмира Джумалиева да катышты.