Медакадемияга Шинжаң медициналык университетинин биринчи улуттук ооруканасынын делегациясы келди
Өнөктөштүк 0 19 Январь 2024

17-январда Медициналык академияга Шинжаң медициналык университетинин биринчи улуттук ооруканасынын делегациясы келди. Кытайдан келген конокторду университеттин окуу иштери боюнча проректору, профессор Ырысов Кеңешбек тосуп алды. Кытай тарап Кыргызстанга өлкөнүн алдыңкы медициналык университеттери менен байланыш түзүү максатында келген.  Проректор КММАнын ишмердүүлүгүнө жана университеттин эл аралык байланыштарына токтолду.