КММАда Ала Эл аралык Ала Тоо университетинин өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү
Өнөктөштүк 0 4 Февраль 2023

2-февралда И.К. Ахунбаев атындагы КММАда ректор, профессор И.Кудайбергенова баштаган өкүлдөрүнүн жана Эл аралык Ала-Тоо университетинин курамында: илимий иштер боюнча проректору С.Калдыбаев,окуу иштери боюнча проректору, профессор, Р.Умаров,  медицина факультетинин деканы К.Осмоналиев, МУАнын инженердик-информатика факультетинин деканы, физика-математика илимдеринин кандидаты, м.а. доцент Р.Исаев, МУАнын инженердик-информатика факультетинин деканынын орун басары А.Кутлугилден турган жумушчу топ менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташуу, биргелешкен конференцияларга катышуу жана өткөрүү, илимий макалаларды журналдарга жарыялоо, стартаптарга жана биргелешкен долбоорлорлорду алып баруу, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу, биомедициналык инженерия багытындагы иштерди талкуулашты.

Жолугушууга ошондой эле окуу иштери боюнча проректору К.Ырысов, илимий жана дарылоо иштер боюнча проректору Н.Маматов, эл аралык байланыштар жана стратегиялык өнүктүрүү боюнча проректору Г.Жумалиева, мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору  Г.Жунушалиева, укуктук иштер жана адамдык ресурстар боюнча проректору Т.Жуманалиев жана башка окуу жайдын кызматкерлери катышты.