ИНОВИЕМ САЙЭНТИФИ компаниясынын негиздөөчүсү Пьер ЭФТЕХАРИ кайрадан КММАга Франциядан келди
Өнөктөштүк 0 24 Январь 2024

И.К.Ахунбаев атындагы КММАга Франциядан КММАнын өнөктөшү, INOVIEM SCIENTIFY компаниясынын президенти, негиздөөчүсү жана башкы илимий кызматкери доктор Пьер ЭФТЕХАРИ келди.  Доктор Пьер француз изилдөө компаниясы менен кызматташуунун алкагында колоректалдык рагы, эмчек рагы жана нейрологиялык оорулар боюнча изилдөө долбоорунун изилдөө иштеринин аралык жыйынтыктарын талкуулоого катышуу үчүн келди.

Ошондой эле КММАнын онкология жана неврология бөлүмдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрөт.

 Талкууга ректор И.Кудайбергенова, Эл аралык байланыштар жана стратегиялык жактан өнүктурүү боюнча проректору Г.Жумалиева, Илим жана илимий-изилдөө иштери боюнча проректору Н.Маматов жана башка кызматкерлер катышты.