Медициналык академияда жүрөк жана өпкө трансплантациясы боюнча илимий конференция өттү
Өнөктөштүк 1 7 Июнь 2023

2023-жылдын 7-июнунда И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын актовый залында трансплантология тармагындагы билимди жогорулатуу, медициналык кадрларды даярдоо максатында 2023-жылдын 7-июнунда «Жүрөк жана өпкө трансплантациясы» аттуу илимий конференция болуп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө окуу жайдын окуу иштери боюнча проректору, профессор Кеңешбек Ырысов ачылыш сөзүн сүйлөдү. Ошондой эле профессор Пак Кук-Янг, кардиохирург, Түштүк Кореядан келген трансплантолог «Жүрөк жана өпкө трансплантациясы» темасында  баяндамасын окуду.

Иш-чарага «Кардиохирургия», «Кардиология», «Үй-бүлөлүк медицина», «Хирургия» адистиктери боюнча клиникалык ординаторлор катышты.

Конференциянын модераторлору: Т.Кудайбердиев – медицина илимдеринин доктору, профессор, EAAKTH аткаруучу директору, Д.Абибилаев – Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Илимий-техникалык изилдөө институтунун илимий кызматкери.

Тема кызыктуу болуп, катышуучулардын кызыгуусун жаратып, көптөгөн суроолорду берип, талкууга алышты.