Кыргызстандын Медициналык академиясына Финляндиянын Чыгыш университетинен окутуучу келди
Өнөктөштүк 0 24 Май 2022

И.К.Ахунбаев атындагы КММАга Финляндиянын Чыгыш университетинен окутуучу Сохайб Хан келди. Лектор Эразмус+ программасынын алкагында келген.

Белгилей кетсек, Медициналык академия 2018-жылдан бери өнөктөш университет менен тыгыз кызматташып, бир нече гранттарга ээ болгон. Сохайб Хан коомдук саламаттыкты сактоо тармагында лекция окуйт. Ошондой эле, ал буга чейин университеттин кафедралары менен жолугуп, мындан аркы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоого жетишкен.