КММАга Мюнхенден медицина илимдеринин доктору келди
Өнөктөштүк 0 31 Май 2022

И.К.Ахунбаев атындагы КММАга Мюнхенден медицина илимдеринин доктору Ханс Питер Гилдайн келди. Белгилей кетсек, ал КММАга SES программасынын (Германиянын Эл аралык кызматташтык боюнча экономикалык фонду) алкагында келген.

Окуу жайдын факультеттик педиатрия факультетинин кызматкерлери Мюнхенден келген конок менен жолугушууда анын келечектеги Кыргызстанда болуу, лекция, мастер-класстарды өткөрүү боюнча пландарын талкуулашты, ошондой эле бейтаптарды биргелешип кароодон өткөрүштү.