КММАга Германиянын кызматташуу долбоорунун алкагында доктор Й.Кершл келди
Өнөктөштүк 0 24 Май 2022

Доктор Й.Кершл И.К.Ахунбаев атындагы КММАга Фонддун Германия кызматташтыгы боюнча долбоорунун алкагында келди. Врач университеттин фтизиатрия кафедрасында иштейт.

Көп жылдар бою эксперттин негизги адистиги жалпы медицина жана өпкө оорулары, анын ичинде кургак учук менен ооругандарды дарылоо болуп саналат. Бул жаатта анын чоң билими жана тажрыйбасы бар. Ошондой эле, ал клиникалык иштер, пациенттерге кеңеш, лекцияларды окуп жана мастер-класстарды өткөрөт.