Доктор Каспер Трунингердин КГМАнын И.К. Ахунбаев атындагы Академиялык клиникасынын №7 гастроэнтерология жана эндоскопия бөлүмүнө сапары
Өнөктөштүк 15 Май 2025

2025-жылдын 12-майынан 25-майына чейин КГМАнын И.К. Ахунбаев атындагы Академиялык клиникасынын №7 «РДЛЦ» гастроэнтерология жана эндоскопия бөлүмүнө Швейцариядан келген эксперт, эндоскопист жана колопроктолог доктор Каспер Трунингердин иш сапары өтүп жатат.

Доктор Трунингер бөлүмдүн дарыгерлери жана КГМА кафедрасынын кызматкерлери: Аттокурова Р.М., Элдиярова А.Э., Осмоналиев Б.К., Атакулов Б.А., ошондой эле «Гастроэнтеролог-врач» адистиги боюнча 1 жана 3-курс ординаторлору менен тыгыз кызматташууда.

Сапардын алкагында гастроскопия, дуоденоскопия жана колоноскопия боюнча мастер-класстар өткөрүлүүдө. Ошондой эле ашказан-ичеги жолунун ар кандай оорулары, анын ичинде полиптер, жаралуу колит жана башка патологиялар менен жабыркаган бейтаптарга консультация берилүүдө.

Бул сапар гастроэнтерология жаатындагы кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана квалификациялуу адистерди даярдоо үчүн маанилүү кадам болуп саналат.