ТГУ өкүлү Сергей Юндун КММАга сапары
Өнөктөштүк 25 Ноябрь 2025
Бүгүн И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында Улуттук изилдөөчү Томск мамлекеттик университетинин өкүлү — Борбор Азия өлкөлөрү менен иштөө боюнча ректордун кеңешчиси, Евразия изилдөөлөр борборунун координатору, т.и.к. Сергей Миронович Юн менен жолугушуу болуп өттү.
 
 
Конокту КММАнын ректору Индира Кудайбергенова өзү тосуп алды. Кыскача тааныштыруудан кийин тараптар жумушчу сүйлөшүүгө өтүп, эки окуу жайдын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
 
 
Жолугушууда кадрларды даярдоонун бирдиктүү программаларын ишке киргизүү, илимий долбоорлорду өнүктүрүү, студенттердин жана окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгүн кеңейтүү, ошондой эле медициналык жана междисциплинардык багыттарда өнөктөштүктү күчөтүү маселелери көтөрүлдү.
 
 
Жолугушуу ишенимдүү жана конструктивдүү маанайда өттү. Тараптар мындан аркы практикалык ишке даяр экендигин белгилешип, ТГУ менен КММАнын кызматташтыгы жакынкы убакта жаңы деңгээлге чыгарына ишенимин билдиришти.