Профессор А.Орешковдун КММАга иш сапары
Өнөктөштүк 1 27 Январь 2023

2023-жылдын 25-январында И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын ректору И.О.Кудайбергенова Санкт-Петербург шаарынан келген профессор А.Б.Орешковду кабыл алды.

Жолугушууда тараптар келечектеги пландарды талкуулап, иш сапарынын жыйынтыгын чыгарышып, ректор профессорго жасаган иштери үчүн ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, 18-январдан бери профессор А.Орешков И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын Республикалык диагностикалык дарылоо борборунда бейтаптарды кабыл алуу менен бирге ошондой эле травматология, ортопедия жана ЭХ бөлүмүнүн кызматкерлерине ортопедия боюнча семинар өткөрдү.