Германиядан келген волонтер студенттерге жана каалоочуларга немис тилин үйрөтөт
Өнөктөштүк 1 24 Май 2022

И.К.Ахунбаев атындагы Медициналык академияга Германиядан волонтер Беттина Корб немис тилинен сабак берүү үчүн келген. Волонтер үч жума бою студенттерге жана каалоочуларга немис тилин үйрөтөт. Сабактар ​​КММАнын Чет тилдерин үйрөнүү борборунда өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, Бетина Корб КММАнын чет жана латын тилдери кафедрасынын  башчысы доцент Г.Замлетдинова жетектеген жамааты менен жолугушту.