КММАнын ректорунун Евразиялык чыгармачылык гильдиясынын өкүлдөрү менен жолугушуусу
Өнөктөштүк 0 17 Апрель 2023

Кечээ жакында И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын ректору Индира Кудайбергенова менен Евразия чыгармачылык гильдиясынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун күн тартибине Гильдиянын Төрагасы Гарет Стумп жана анын өкүлү Анна Саксонова менен таанышуу, ошондой эле академиялык, илимий жана профессионалдык өнүгүүгө көмөктөшүү максатында КММА менен Евразия Чыгармачылык Гильдиясынын ортосундагы академиялык өнөктөштүктүн медицина илими жана билим беруу жагындагы алмашуулар мүмкүнчүлүктөрү тууралуу талкуу болду.

Жолугушууга ошондой эле Медициналык академиянын эл аралык байланыштар жана стратегиялык өнүгүү боюнча проректору Гүлмира Жумалиева, илимий жана дарылоо иши боюнча проректору Ниязбек Маматов жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Турниса Юсупова катышты.