КММАнын ректорунун Кыргызстандын Кызыл Жарым Ай коомунун өкүлдөрү менен жолугушуусу
Өнөктөштүк 2 9 Сентябрь 2022

Бүгүн, 2022-жылдын 9-сентябрында КММАнын ректору, профессор Индира Кудайбергенова Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Айдай Бакашева баштаган Кызыл Жарым Ай коомунун өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Медициналык-социалдык жардам борборунун Байтик шаарындагы хоспис боюнча кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

 

Белгилей кетсек, хоспис күнү-түнү профессионалдык жардамга муктаж бейтаптарды кабыл алат. Эки бөлүмдүн базасында адистештирилген жардамды операциядан кийинки мезгилдеги бейтаптар, өзгөчө камкордукка муктаж, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү, паллиативдик жардамга муктаж айыккыс оорулары бар бейтаптар, ошондой инфаркт жана инсульттан кийин айыккан мезгилде адистештирилген жардамга муктаж адамдар ала алышат.