КММАнын ректорунун Фуртванген прикладдык илимдер университетинин өкүлдөрү менен жолугушуусу
Өнөктөштүк 3 19 Сентябрь 2022

Жакында Кыргызстандын Медициналык академиясынын ректору Индира Орозобаевна Кудайбергенова Фуртванген Филлинген-Швеннинген прикладдык илимдер университетинин өкүлдөрү: профессор Герд Хаймерль жана инженерия илимдеринин доктору Андреас Дитц менен жолугушту.

Диалог форматындагы жолугушуунун катышуучулары КММА менен Фуртванген прикладдык илимдер университетинин билим жана илим тармагындагы мындан аркы кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Белгилей кетсек, жыйынга проректорлор: Кеңешбек Ырысов, Ниязбек Маматов, Гүлмира Жумалиева жана Темирбек Жуманалиев катышты.

Коноктор университеттин эл аралык байланыштар бөлүмүнүн кызматкерлеринин коштоосунда КММАнын тарых жана пластинация музейинде болушту.