Ректораттын Чыгыш Финляндия университетинин окутуучусу менен жолугушуусу
Өнөктөштүк 0 26 Май 2022

Кыргызстан медициналык академиясынын ректору, профессор Индира Кудайбергенова жана эл аралык байланыштар жана стратегиялык өнүктүрүү боюнча проректору Гүлмира Жумалиева Чыгыш Финляндия университетинин окутуучусу доктор Сохаиб Хан менен жолугуп, эл аралык мобилдүүлүктүн жыйынтыктарын жана келечегин талкуулады.

Доктор Сохаиб Хан келечекте онлайн режиминде толук убакытта иштөө ниетин билдирди. Ректор өз кезегинде дарыгерди келерки жылы окуу жайга келип кетүүгө чакырып, КММА өнөктөштөр менен иштешүүгө жана билим жана илим тармагындагы ар кандай эл аралык иш-чараларга катышууга ар дайым даяр экенин баса белгиледи. Жолугушууга дарылоо иши факультетинин деканы Зиябидин Айдаров да катышты.