" Чек арасыз дарыгерлер" эл аралык уюмунун өкүлдөрү менен жолугушуу
Өнөктөштүк 0 29 Январь 2024

Бүгүн, 2024-жылдын 29-январында КММАда ректор, профессор Индира Кудайбергенованын Чүй облусундагы аялдардын саламаттыгын сактоо боюнча Андрэей долбоорунда иштеген "Чек арасыз дарыгерлер" эл аралык медициналык уюмунун долбоорунун өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү.

Белгилей кетсек, тараптар долбоордун алкагында окутуу, тажрыйба алмашуу жана изилдөө иштерин жүргүзүү жаатында кызматташууда.


Ушуга байланыштуу ушул жылдын февраль айында долбоор менен Чүй облусунун медициналык айымдары үчүн сүт бездеринин скрининги боюнча мастер-класс жана тренинг өткөрүү пландаштырылууда.
Жолугушууга эл аралык байланыштар жана стратегиялык өнүктөрүү боюнча проректор Джумалиева Гульмира, администрациянын кызматкерлери катышты.