Бүгүн, 2025-жылдын 27-мартында, Тейкё университетинин (Япония) делегациясынын Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына (КММА) болгон иш сапарынын алкагында, КММАнын ректору Индира Кудайбергенова Префектура Миадзакинин Сестриндик иш боюнча университетинин профессорлору Шинджи Кавамура жана Мичико Кавамура менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууга эл аралык байланыштар жана стратегиялык өнүгүү боюнча проректор Гүлмира Жумалиева, психолог жана коуч Тынарбек Арзыкулов, ошондой эле эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Турниса Юсупова катышты. Жолугушуу учурунда катышуучулар кызматташуунун негизги багыттарын, анын ичинде билим берүү программаларын өнүктүрүү, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү уюштуруу жана студенттер менен окутуучулар алмашуу боюнча демилгелерди алдыга жылдырууну талкуулашты.
КММАнын ректору медициналык илимдин жана билим берүүнүн өнүгүшү үчүн эл аралык байланыштарды чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, Тейкё университети менен өнөктөштүк академия үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын баса белгиледи. Коноктор өз кезегинде КММАнын профессордук-окутуучулук курамынын жогорку потенциалына жана кесипкөйлүгүнө баа берип, кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.
Талкуу жылуу жана жемиштүү маанайда өттү. Катышуучулар алдыдагы биргелешкен долбоорлор медицина менен илимдин өнүгүшүнө олуттуу салым кошуп, Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы мамилелерди чыңдоого өбөлгө түзөрүнө ишеним артышты.