«Кыргыз Республикасында дары каражаттарынын жүгүртүүсүндөгү актуалдуу маселелер»
Илим 14 Ноябрь 2025
И.А. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында дары каражаттарынын жүгүртүүсүнө байланышкан маанилүү маселелерге арналган тегерек стол өттү. Иш-чарага КР Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү, Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык буюмдар департаменти, фармацевтикалык компаниялар жана тармактык ассоциациялар катышты.
 
 
Иш-чараны УЭФ жана ТЛС кафедрасынын башчысы, профессор К.С. Чолпонбаев ачып, фармацевтикалык рынокто жүрүп жаткан өзгөрүүлөрдүн маанисине токтолду. Академиянын жетекчилигинин атынан проректор, профессор Кенешбек Ырысов куттуктоо сөзүн айтып, мамлекеттик органдар, билим берүү мекемелери жана фармацевтикалык тармактын адистери ортосундагы диалогдун өзгөчө маанилүүлүгүн белгиледи.
 
 
Жыйындын жүрүшүндө ЕАЭБдин жалпы дары-дармек рыногуна өтүүгө Кыргызстандын фармацевтикалык секторунун даярдыгы, дары бааларын жөнгө салуунун негизги механизмдери, GMP жана GDP стандарттарын киргизүү, дары-дармектердин кыймылын көзөмөлдөө жана электрондук маалымат базасын өнүктүрүү боюнча докладдар сунушталды. ДЛС жана МИ МЗ КР адистери тармакты жөнгө салуучу нормативдик базанын учурдагы абалы жана аны өркүндөтүү багыттары тууралуу кеңири маалымат беришти.
 
 
Талкууга ММК фонду, Соода-өндүрүш палатасы, фармацевтикалык ассоциациялар жана компаниялардын өкүлдөрү кошулуп, дары каражаттарынын жүгүртүүсүн жакшыртуу, сапаттуулугун жана жеткиликтүүлүгүн арттырууга багытталган сунуштарын билдиришти.
Иш-чара жалпы талкуу жана жыйынтыктоо менен аяктап, тегерек стол Кыргызстандын фармацевтикалык тармагын өнүктүрүү боюнча орчундуу маселелерди бирге талкуулап, орток чечимдерди издөө үчүн натыйжалуу аянтча болгону белгиленди.