КММАда «Медициналык билим берүү жана медициналык жардам (MEMC)» программасы башталды
Илим 24 Сентябрь 2025
Бишкек, 2025-жылдын 24-сентябры. — И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын базасында ВИЧ, кургак учук жана байланышкан ооруларга арналган «Медициналык билим берүү жана медициналык жардам (MEMC)» программасынын биринчи күнү өттү. Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Улуу Британиядагы Green Shoots фонду уюштурду.
 
 
Катышуучуларга Саламаттык сактоо министринин орун басары Каарманбек Кочкорбаевич, Green Shoots фондунун өкүлү Мунизай Джафери жана КММАнын жетекчилиги кайрылышты. Биринчи күндүн негизги темалары өзгөрүп жаткан каржылоо шартында ВИЧ жана кургак учук боюнча туруктуу чараларды көрүү, пандемияларга даярдык жана саламаттык сактоо системасын чыңдоо болду.
 
 
Докладдар менен профессор Санжай Бхагани, ЮНЭЙДС өкүлү Мээрим Сарыбаева, Айжамал Шамбетова жана AFEW уюмунун өкүлү Дина Мамасалиева чыгышты. Айрыкча мигранттардын жана аялуу топтордун саламаттыгы боюнча маалыматтарга көңүл бурулду.
Программанын алкагында дарыга туруктуу кургак учук боюнча диагностика жана дарылоо маселелери да каралды. Д-р Клэр ван Халсема, КММАнын дарыгерлери Гүлнура Турдумамбетова жана Айымгүл Дүйшекеева заманбап тестирлөө жана клиникалык байкоолор тууралуу маалымат беришти.
 
 
Кыргызстандагы моно- жана полирезистенттүү кургак учукту дарылоо тажрыйбасы, сөөк-муун кургак учугун комплекстүү дарылоо жана бедаквилин, претоманид жана линезолид колдонулган Pre-XDR терапиясынын инновациялык схемалары да талкууланды.
Күндүн экинчи жарымында дары-дармектердин өз ара аракеттенүүсү, клиникалык учурлар, ошондой эле опиоиддик алмаштыруучу терапиянын жаңы ыкмалары сөз болду. Анна Ковальд «Адам диагноздон да чоң» аттуу лекциясында бейтаптарды комплекстүү колдоонун маанисин белгиледи.
 
 
Биринчи күндүн жыйынтыгында негизги темалар боюнча корутундулар чыгарылып, экинчи күндүн темаларына кириш сөз жасалды.
Иш-чаранын уюштуруучусу — Green Shoots Foundation, саламаттык сактоо жана билим берүү тармагында долбоорлорду ишке ашырып келген Улуу Британиядагы кайрымдуулук уюму (www.greenshootsfoundation.org).