КММАнын студенттери КРСУдагы XXI жылдык эл аралык конференциясында
Илим 1 23 Май 2022

Үстүбүздөгү жылдын 20-майында КРСУнун базасында медицина факультетинин жаш окумуштууларынын жана студенттеринин “Жаштар илимий чыгармачылыгы – медициналык жана биологиялык кадрларды даярдоонун эффективдүү жолу” аттуу XXI жылда өтүүчү эл аралык илимий-практикалык конференциясы болуп өттү.

Конференцияга И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын «Тукум куучулук жана айлана-чөйрө» илимий ийриминин мүчөлөрү катышты. Студенттерибиз: А.Токтосунова, А.Акылбекова, Б.Качкеева, С.Максатова, Л.Исакова, А.Кубанычбекова илимий иштерге активдүү катышкандыгы, теманын актуалдуулугу жана анык маалыматтары үчүн грамоталар менен, ал эми студенттер менен бирге иштеген илимий жетекчилер ыраазычылык каттары менен сыйланышты.

Ошондой эле, конференцияга И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын кафедраларынын кызматкерлери катышты – доцент А.Умуралиева, ага окутуучу Л.Молдокулова, доцент Ж.Солтобаева, доцент. Ж. Смайылбекова.