КММАнын студенттери ЭМУда өткөн конференцияга катышты
Илим 0 23 Май 2022

2022-жылдын 12-майында Бишкектеги Эл аралык медициналык университетинде “Кыргызстандын дарылык өсүмдүктөрү: изилдөө потенциалы, колдонулушу, келечеги” аттуу Эл аралык илимий-теориялык жана практикалык конференция болуп өттү.

Конференцияда И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын 1-курсунун Дарылоо иши факультетинин студенттери: Акпаралиев Ырыскелди, Талантова Аделя, Женишбек Алима «Гельминттик инвазиялардын фитотерапиясы», «Нематодтар жана дары өсүмдүктөр» аттуу эки презентацияны англис тилинде даярдашты.

Студенттерибиз жогорку деңгээлдеги даярдыгын, англис тилин жакшы өздөштүргөндүгүн көрсөтүп, конференциянын катышуучуларынын эстелик сертификаттарына ээ болушту, белгилей кетсек Жеңишбек Алима 2-даражадагы диплом менен сыйланды.

Студенттерди даярдоого медициналык биология, генетика жана паразитология кафедрасынын кызматкерлери катышты: доцент Ж.Солтобаева Ж., доцент. Г.Сатарова, асс.Ж. Смайылбеков.