"Кыргызстанадагы өнөкөт оору көйгөйү" доклады менен Улуу Британия окумуштуусу Базбек Давлетов КММАда тегерек столго катышты
Илим 5 16 Июль 2019

2019 жылдын 19-июлунда И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык акдемиясынын жыйын залында «Кыргызстанадагы өнөкөт оору көйгөйү: негизги себептери жана аны чечүү жолдору” деген темада тегерек стол болуп өттү. Тегерек столдун жүрүшүндө Улуу Британия окумуштуусу, профессор Базбек Давлетов доклады менен чыгып, Медакадемиянын ректору, профессор Индира Кудайбергенова сөз сүйлөдү. КММАнын окуу иштери боюнча проректору Эркин Алымбаев, профессор Талантбек Батыралиев, үй-бүлөлүк дарыгерлерди дипломдон кийинки даярдоо бөлүмүнүн башчысы Нурлан Бримкулов талкууга катышты. Тегерек столдун катышуучуларнын жигердүү иши менен Улуу Британиянын глобалдык проблемаларды изилдөө Фондуна илимий проект боюнча  биргелешкен арыз даярдоодону чечишти.