КММАда жугуштуу ооруларды дарылоо боюнча интеллектуалдык оюн өткөрүлдү
Илим 5 10 Декабрь 2019
Жакында И.К.Ахунбаев атындагы КММАда жугуштуу ооруларды дарылоо боюнча интеллектуалдык оюн өткөрүлдү. Иш-чараны жаш окумуштуулар жана студенттер илимий 
коомунун мүчөлөрү жана жугуштуу оорулар бөлүмүнүн окутуучуларынын жалпы демилгеси менен уюштурулуду. Оюнга жогорку окуу жайдын ар факультетинен 5 команда катышты.
Байгел
үү орундарга «Конклав Галена», «Люди в белом» и «Жрицы племени антиВИЧ» командалары ээ болушту, калган командалар сыйлуу белектерди алышты.


Оюндун күйөрмандары жана конокторунун арасында да ошол эле тема боюнча айги-турнир өткөрүлүп,аларга жугуштуу оорулар бөлүмү жана өнөктөштөр тарабынан
даярдалган сыйлыктарды утуп алууга мүмкүнчүлүк болду. Айта кетсек, иш-чарага банги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү мекемиси, ОБСЕнин программалык кенсеси,
«Клуб 25, Кыргызстан»,
«CoolArt» этно-маданий өндүрүмдөрүнүн интернет-магазини демөөр көрсөтүштү.